"Мигранттар арасында зомбулук экстремизм идеяларынын жайылуу тобокелдиктери" аттуу онлайн маалыматтык сессиясы

"Мигранттар арасында зомбулук экстремизм идеяларынын жайылуу тобокелдиктери" аттуу онлайн маалыматтык сессиясы

"Борбор Азияда стабилдүүлүктү колдоо" (CASSS) долбоорунун алкагында 3-4-декабрь күндөрү "Мигранттар арасында зомбулук экстремизм идеяларынын жайылуу тобокелдиктери" аттуу онлайн маалыматтык сессиясы өтүп жатат.
Иш чараны Эл Аралык Коргоосуна Көмөктөшүү Борбору Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалымат-кеңеш берүүчү борбору менен биргеликте уюштурууда.
Онлайн сессияга Дин иштери боюнча мамалекеттик комиссиянын, Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин өкүлдөрү чакырылды.
Иш чаранын башкы максаты - чет мамлекеттерге эмгек миграциясына кетип бараткан мигранттарга жеткириле турган негизги маалыматтарды жана чакырыктарды иштеп чыгуу. Маалыматтык сессиянын спикери зомбулук экстремизмин алдын алуу боюнча эксперт - Закир Чотаев болууда.
#ЭларалыкКоргоогоКөмөктөшүүБорбору #миграция #зомбулукэкстремизм.